Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, кечээ, 21-июлда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Шамшы айылынын А.Ч. аттуу өспүрүм Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.
"Ошол эле күнү жерине ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнөн 8 куткаруучу, ИИБден 3 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 11 адам издөө чыгып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.
Ал эми, бүгүн 22-июлда таңкы саат 07:00дө Токмок шаардык №21, 24 Өрткө каршы бөлүктөрдөн 9, буга кошумча ИИБден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 жаран тартылган
Чөккөн баланы издөөгө жалпысынан 22 адам чыкты.Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalyna-tshp-ketken-sprm-izdeld
Добавить комментарий ×