Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жашар бала табыла элек

17 июль 2018 21:25 1386 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

13-июль күнү Бишкектеги  Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М. аттуу бала чөгүп кеткен. Баланы куткарууга ошол эле күнү өзгөчө кырдаалдар министрлигинен куткаруучулар келген. Бирок,  жоголгон баланын денеси же өзү бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. 

 Издөө иштерин жүргүзүүгө  Сокулук районунун өрт-куткаруу бөлүмүнөн  6 куткаруучу, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу чыгып, издөө иштерин улантууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalyna-chgp-ketken-6-zhashar-bala-tabyla-elek



Добавить комментарий