Чүйдө жүк унаасы менен инкассатордук унаа кагышты
Бөлүшүү:
Чүй областынын Полтавка айылында инкассатор унаасы менен жүк ташуучу Mercedes унаасы кагышты. Бул тууралуу Чүй областтык жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу башкармалыгынан кабарлашты.
Жол кырсыгы бүгүн түшкү саат 12лер чамасында болду.
“Инкассатордук унаа Кара-Балта тараптан, ал эми Mercedes унаасы Бишкек тараптан келе жаткан. Учурда эки унаа тең айып аянтына токтотулду. Экспертиза дайындалды. Жабырлануучулар жок”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-zhk-unaasy-menen-inkassatorduk-unaa-kagyshty
Добавить комментарий ×