Чүйдө жасалма өткөрмө кагазы менен жүргөн жаран кармалды
Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалма өткөрмө кагазы менен жүргөн айдоочу аныкталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма-сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 5-апрель күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери биргеликте Ленин айылында коюлган постто кызмат өтөө учурунда, ак түстөгү «Toyota Ipsum» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерилген учурда 49 жаштагы К.В. аттуу айдоочудан өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарында жүрүүгө укуктуу делген жасалма өткөрмө кагазы аныкталган. Топтолгон материалдар Аламүдүн районунун ИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталаган. Териштирүү улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-zhasalma-tkrm-kagazy-menen-zhrgn-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×