Чүйдө өз уулу энесине бензин чачып, өрттөп жиберген
Чүй облусунун Жайыл районунда өз энесине бензин куюп, өрттөп жиберген деген шек менен уулу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 9-март күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жайыл районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү жашоочулардын бири Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгын билдирген.
“Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, ал жерди кароо учурунда аял кишинин жансыз денеси табылып, ал 1940-жылы туулган З.Г. аттуу жергиликтүү жашоочу экендиги такталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын 1977-жылы туулган уулу З.Р. кармалган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алып, апасына бензин куюп өрттөп жибергенин билдирген.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү жаран психикалык жактан жабыркап келгени маалым болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-z-uulu-enesine-benzin-kuyup-rttp-zhibergen
Добавить комментарий ×