Чүйдө унаа поезд менен кагышып үч адам каза тапты

1 апрель 2019 11:59 2137 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областынын Москва районунда унаа менен поезд кагылышып, үч адам каза тапты, анын бирөө жаш бала. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Кечээ, 31-мартта Бишкек-Ош трассасынын темир жол менен кесилишкен бөлүгүндө болжол менен 10.00-10.30дар аралыгында унаа поезд менен кагышкан. Honda Accordдун айдоочусу поезд жакын келип калганына карабай жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган. Кырсыктан үч адам каза тапты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, эки адам кырсык болгон жерде дароо көз жумган, жаш бала ооруканага алып бара жаткан жолдоп чарчап калган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-unaa-poezd-menen-kagyshyp-ch-adam-kaza-tapty



Добавить комментарий