Чүйдө сарай өрттөнүп, 550 балапан күйүп кеткен

2 июль 2020 13:08 824 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүйдө сарайдан өрт чыгып андагы 550 балапан күйүп кетти. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн 00:55 чамасында Чүй облусунда катталды. Анда Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Вокзальный көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры менен кошо андагы 550 балапан күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Өрт кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-saraj-rttnp-550-balapan-kjp-ketken



Добавить комментарий