Чүйдө “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаа 440 түк чөбү менен күйүп кетти

1 август 2018 22:00 1436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүйдө белгисиз себептерден улам “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаа 440 түк чөбү менен  күйүп кетти. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын  31-июль  күнү саат 13:08 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунун Новониколаевка айылында оор жүк ташуучу “КамАЗ”   толугу менен күйгөн. 

Эмне  себептен күйгөндүгү такталууда. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнөн кызматкерлер келишип, өрт толугу менен өчүрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-kamaz-lgsndg-unaa-440-tk-chb-menen-kjp-ketti



Добавить комментарий