Чүйдө “Гольф-3” унаасы жолдон чыгып бакты сүздү. Аял киши каза болду

28 декабрь 2018 10:27 1117 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн районуна караштуу Кайырма айылынан Арчалы айылына баруучу унаа жолдо “Гольф-3” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун боюндагы бакты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 аял киши каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Кырсык 2018-жылдын 27-декабрь күнү саат 03:40 чамасында катталган.

Өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына  өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-golf-3-unaasy-zholdon-chygyp-bakty-szd-ayal-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий