Чүйдө бир айда курал-жаракты сактоо эрежесин бузган 158 адам аныкталды

3 март 2020 12:53 532 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунун аймагында кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алдын алуу, ошондой эле, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктоо максатында комплекстүү “Арсенал” аталышындагы рейд иш-чарасы 27-январдан 27-февралга чейин болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Рейд иш-чарасын өткөрүүгө Чүй облусунун ички иштер органдарынын лицензияга уруксаат берүү кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан жана жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринен жалпысынан 360 кызматкер иш алып барышкан. Иш-чарада 3 637 аңчылык менен алектенүүчү жарандар, 792 газ-травматикалык куралынын ээлери, белек катары тапшырылган 5 ок атуучу куралдын ээлери ошондой эле, 1 жеке күзөт агенттиктеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда курал-жарак сактоонун жана каттоонун эрежелерин бузган 158 жаранга КР Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 84-85-беренелери боюнча протоколдор толтурулуп, жалпы 56 миң сом айып пул салынды. Иш-чара учурунда КР Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча 13 факты аныкталып, 10 ок атуучу курал-жарак жана 118 даана ок-дарылар алынган. КР Жазык кодексинин 254-беренеси (Куралды мыйзамсыз даярдоо) боюнча 4 факты аныкталып, 4 ок атуучу курал жарак жана 38 даана ок-дарылар алынган.

Чүй облусунун ИИОнун лицензияга уруксат берүү кызматкерлери тарабынан газ-травматтык үлгүдөгү куралдарды кайрадан каттоо иштери жүргүзүлүүдө. КР Курал жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине ылайык газ-травматтык куралдарды сактоо үчүн гана кайрадан катталат.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-arsenal-atalyshyndagy-rejd-bolup-tt



Добавить комментарий