Чүйдө 67 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды
Бөлүшүү:
Чүйдө куткаруучулар жабылып калган үйдүн эшигин ачканда 67 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 23-ноябрда Жайыл районунда саат 16:45те КР ӨКМнин № 22 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан үйүдүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1953-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-67-zhashtagy-ayaldyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×