Чүйдө 33 жаштагы Ниязбек Дубанаев изделүүдө

11 сентябрь 2018 14:40 872 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунда 33 жаштагы Ниязбек Дубанаев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой,  ал 1-сентябрь күнү Москва районуна караштуу Петровка айылынын Центральная көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон белгисиз болууда. 

Өзгөчө белгилери: көзү кара, чачы кара түстө, кыска кыркылган. Дене түзүлүшү орто, бою 170-175 сантиметр. Үйдөн чыгып баратканда боз түстөгү футболка, кара шым, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 60-77-27, 0 (709) 85-05-05 же 102 телефон номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-33-zhashtagy-niyazbek-dubanaev-izdeld



Добавить комментарий