Чүй ОИИББ: "Кескиленген кыргыз баланы кытайлыктар кылды деп айтууга эрте, тергөөдөн кийин аныкталат"

13 декабрь 2018 16:48 2131 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кытайлар кыргыз баланы сабады деген фейсбук тармагына тараган маалымат боюнча Чүй ОИИББден жооп беришти. 

“Фейсбук” социалдык тармагынын колдоонучусунун денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген жаранды карап жатышкан жана бул жаракаттарды кытай жарандары келтиришкенин билдирген  видео тасмасы тууралуу төмөнкүлөрдү билдиребиз:

"2018-жылдын 10-декабрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Жайыл РИИБге жергиликтүү аймактык ооруканага Кара-Балта шаарынын 35 жаштагы М.И. аттуу жашоочусу “Жүзүндө, эки колунда көптөгөн кесилген жаракаттар, башында тактары бар”  жаракаты менен жаткырылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу келишип, жабырлануучунун сөзү боюнча 2018-жылдын 10-декабрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында үйдөн чыккан жана ага 30-35 жаштардагы белгисиз үч адам келишип, күч колдунуу менен ак түстөгү  “Тайота Виндом” үлгүсүндөгү автоунаага отургузушуп, белгисиз жакка алып барышып, колдорун байлашып, курч буюм менен жараттарды келтиришип, моюн тарапка белгисиз уколду сайышкан. Андан соң Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бирине жабырлануучуну таштап кетишкен. Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (Адамды уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон"-деп жазылат маалыматта. 

Бул окуяга чет өлкөлүк жарандардын тиешеси бар деп так кесе алдына ала айтууга болбойт, ошол себептүү кылмыштын ким тарабынан жасалгандыгын тергөөнүн жүрүшүндө  гана 

аныктала тургандыгын белгилейбиз. Азыркы учурда Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп 

жатышат деп билдиришти Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы. 

Эске салсак, кытайлар кыргыз баланы кескилеп ойношкон деп президентке кайрылган видео соцтармактарга бүгүн тарап кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oiibb-keskilengen-kyrgyz-balany-kytajlyktar-kyldy-dep-ajtuuga-erte-tergdn-kijin-anyktalat



Добавить комментарий