Чек араны коргоп жүрүп, баатырларча каза болгон аскер 30 гана жашта болгон
Соцтармакка кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда кызмат өтөп жатып, каза болгон аскердин сүрөтү жарыяланды.
Маалым болгондой, 30 жаштагы аскер Нарындын Ак-Муз айылында туулган.
Командирлик кызматты аркалап жаткан жоокер 30-апрелге караган түнү каза болгону айтылган. Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу экени маалым болду.
Соцтармакка каза болгон жоокер Эсентур Кубанычбековдун жердеши ал эр жүрөк, тайманбас, кыргыздын чыныгы патриоту болгонун эскерип, жазды.
“Жигит өлбөс болсочу. Өрт элең. Эч нерседен тайманбаган эр жүрөк баатыр элең.
Тилекке каршы, жердешибизден айрылып калдык туугандар!
Сен эл үчүн, жер үчүн курман болдуң! Сенин элесиң түбөлүк эсте калат!
Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун! Жараткан бейиштен орун берсин! Кош бол”, - деп эскерди каза болгон жоокердин жердеши.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-arany-korgop-zhrp-baatyrlarcha-kaza-bolgon-asker-30-gana-zhashta-bolgon
Добавить комментарий ×