Чек арадагы кагылышуудан 13 адам каза болду

30 апрель 2021 09:11 2884 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 13 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 07: 50дө чек арада болгон окуяда каза болгондордун саны 13 адам, жаракат алгандар 134кө жетти.

“Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин, 29-апрель саат 22:00гө карата 3 адам каза болгону кабарланган. Алардын ичинен бир аскер кызматкери жана 12 жаштагы кыз каза болгону маалым болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-kagylyshuudan-kaza-bolgondordun-sany-13-adamga-zhetti



Добавить комментарий