Чек арадагы абал: 10 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга эвакуацияланды

30 апрель 2021 17:49 2639 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун чек ара аймагындагы жашоочулар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалам болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Баткен облусунун Самаркандек, Актатыр жана Кулунду айылдарынын тургундары коопсуз жайга эвакуациялашкан. 

“Жарандарды эвакуациялоого ӨКМнын 13 атайын автоунаалары, 156 кызматкерлер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 60 спринтер тартылды.

Баткен облусунун Баткен районунан 1 409 жаран Баткен шаарындагы мейманканаларга жана мектептерге эвакуацияланган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунан 159 жаран Исфана шаарындагы жатак интернаттарга эвакуацияланган, ал эми 8 647 жаран туугандарына үйлөрүнө жайгаштырылган.

Баткен облусу боюнча коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандардын саны  10 215 жаранга жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-chyr-chykkan-ajmaktan-10-miden-ashuun-zharan-evakuaciyalandy



Добавить комментарий