Чек арадагы абал: Жолдор жабылып, өзгөчө кырдаал кирип, элдер коопсуз жакка чыгарылууда

29 апрель 2021 11:41 2691 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Баткен районунун Ак-Сай айылында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, учурда абал туруктуу. Бирок чыңалуу бар.  Эки тараптан тең топтолгон жарандар тарай элек.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода  абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиилктүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетинде, ыкчам иш аракеттерди жүргүзүүдө.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Ал эми Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чыр чатак орун алган аймактан элдер, коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган, алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Таш тийген эки жаран Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөсүнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген жаран Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Азыркы учурда чек арада эки тараптын сүйлөшүүсү күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-aradagy-abal-zholdor-zhabylyp-zgch-kyrdaal-kirip-elder-koopsuz-zhakka-kchrld



Добавить комментарий