Чек арадагы абал: Өрттөлгөн үйлөр, күлгө айланган айыл, үйүн таштоого аргасыз болгон тургундар
Баткен облусунун Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарында “Өзгөчө абал” режими киргизилип, жергилүктүү тургундар коопсуз жайга эвакуацияланып, ысык тамак-аш жана биринчи керектелүүчү каражаттар уюштурулган. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Баткен облусунун Ак-Сай, Кызыл-Жол жана Кевит айылынын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланган.
“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эвакуациялоого 10дон ашуун техника, 150дөн ашуун кызматкер тартылды. Райондук жарандык коргонуунун Медицина кызматынан 13 тез жардам автоунаасы жана автотранспорт кызматынан 60 спринтер айдоочулары тартылды.
Баткен облусунун Лейлек районунан 900 жаран Баткен шаарына, ал эми, Лейлек районунан 300 жаран коопсуз жайга, 200 жаран туугандарына жайгаштырылган”, - деп айтылат маалыматта.
Баткен облусунун Лейлек району боюнча өрттөнгөн турак үйлөр:
Кулунду айылында - 2 турак уй
Максат айылында -10 турак уй
Жалпы: 12 турак үй
Социалдык объекттер:
-1 мектеп
Баткен району боюнча :
- 9 турак уй
- 10 заправка,
- 2 ресторан,
- 8 магазин,
- 1 казино РЕМИ
- 1 погран застава
Ак-Сай айылында
-ӨКМге караштуу 1 Өрт куткаруу бөлүгү өрттөнгөн.
Добавить комментарий ×