Аскерлерди таң калтырган окуя. Жигит Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга адаттан тыш жол менен качып кеткен

19 февраль 2021 09:46 3048 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаш жигит Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга адаттан тыш жол менен качып кеткен. Ал эки өлкөнүн ортосундагы деңиз чек арасын суучулдардын кийимин кийип суу асты менен өтүп кеткен. Бул тууралуу «Ёнхап» агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Качкын чек арадагы Косон шаарынан видеокөзөмөлдөөчү камералардын жардамы менен байкалган, бирок чек арачылар аны үч сааттан кийин гана кармашкан. Маалым болгондой, адам дренаждык туннель аркылуу сойлоп өткөн. Аскерлер туннель атайын коргоочу жабдыктар менен жабдылбагандыгын моюнга алышты.

Качкын 30 жаштар чамасында экени көрсөтүлгөн. Ал Түндүк Кореядан качып кеткен, учурда, сот иштери уланып жаткандыгы маалым болду. Аскер кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатышат, натыйжада чек арада коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-arachylardy-ta-kaltyrgan-okuya-zhash-zhigit-tndk-koreyadan-tshtk-koreyaga-adattan-tysh-zhol-menen-kachyp-ketken



Добавить комментарий