Чек ара кызматы кайсы күндөрү Казакстандан Кыргызстанга көп киши өткөнүн айтты
Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал туруктуу. Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барып, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү, жарандарды өткөрүүдө тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, чек ара кызматы 7чи жана 8-февраль күндөрү "Кең-Булун" жана "Токмок" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга өтүүнү каалаган жарандардын көбөйгөндүгүн аныктаган.
9-февралда кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй жарандардын кайтканы байкалып, саат 10.00гө карата миңден ашуун Казакстандын жараны Кыргызстандан чыгып кеткен.
Кыргызстандын чек ара кызматы Казакстанстандын чек арасындагы өткөрүү жайларындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.
Эске салсак, 7-февралдан 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Каракемер, Сортөбе, Масанчи айылдарында жаңжал чыгып, ондогон турак жайлар менен соода борборлору өрттөлгөн. Ошондой эле автоунаалар дагы талкаланган. Бул башаламандыкта каза болгондордун саны 10го жетти. Айрым маалыматтар боюнча мушташ казак жана дунган улутундагылардын ортосунда чыккан.
7-февралда кечинде жана 8-февралда күндүз Казакстандан Кыргызстанга көптөгөн кишилер келишкен. Алардын көбү аялдар менен жаш балдар. Кыргызстанга келгендерди чек арадан тосуп алышып, ысык тамак дагы уюштурулган.
Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-kyzmaty-kajsy-kndr-kazakstandan-kyrgyzstanga-kp-kishi-tknn-ajtty
Добавить комментарий ×