Кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалды

4 июнь 2021 09:31 1121 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 4-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак тилкесиндеги кыргыз-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 3тө Тажикстан тарап Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган. Алар Кыргызстандын аймагына 1000 метр бери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

"Кыргыз тарап абалды жөнгө салуу үчүн күч-аракетин жумшап, Тажикстандын расмий өкүлдөрүнө кайрылууда. Бирок Тажикстандын расмий адамдары телефон чалууларга жооп бербей жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн режимде нөөмөт өтөп жатат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-abal-kajradan-chyaldy



Добавить комментарий