Чек ара: ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүү аяктайт

8 апрель 2019 12:02 912 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөттүк делегация 4-апрелден 6-апрелге чейин Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн,8-апрелде өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка караганда, Тажикстан делегациясынын башында Тажикстандын премьер-министри Азим Иброхим турган.

"Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу жана мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды",- деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын Протоколуна кол коюлду. Тараптар өз ара пайдалуу негизде тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришти, бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-iri-masshtabduu-delimitaciyalyk-topografiyalyk-kartalardy-tz-ayaktajt



Добавить комментарий