Чек ара чататагынан бир тажик жараны каза тапты, 20 адам жарадар

14 март 2019 11:52 1551 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдын кесепетинен бир тажик жараны каза тапты, 20дан ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу Тажикстандын ЖМКлары кабарлашууда. 

Каза тапкан адам Исфара районундагы Ходжаи Аъло кыштагынын 43 жаштагы тургуну экенин Исфанадагы булактар билдиришкен.

Ал атылган октон каза тапканын, ок кыргыз тараптан атылганын маалымдашууда. Ходжаи Аъло кыштагынан дагы үч адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

“Ошондой эле Тоджикон айылы менен кыргыздардын Ак-Сай айылынын тургундарынын ортосунда  чатак чыгып бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын бир жараны оор жаракат алып, бир үй өрттөлдү”,-деп кабарлашты тажик ЖМКлары.

 

Ссылка: https://barometr.kg/chek-ara-chatatagynan-bir-tazhik-zharany-kaza-tapty-20-adam-zharadar



Добавить комментарий