Чаткалда үй-бүлөлүк зордук- зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

17 май 2021 11:03 1038 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чаткал милициясы профилактикалык иштерди улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Чаткал милициясы профилактикалык иштерди улантууда Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан үй-бүлөлүк зордук- зомбулуктун алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери район аймагындагы айылдарды аралашып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, зордук-зомбулукту болтурбоо маселесин талкуулап жатышат. Ошондой эле алдыда келе жаткан жай мезгилине карата дарыя бойлоруна, шар аккан каналдарга, көлмөлөрдүн кооптуу участокторуна эскертүү тактайчалары орнотулууда. Жаш өспүрүмдөргө сууга түшүүдө этият болуу керектиги эскертилүүдө.

Мындан сырткары ата-энелерге жаш балдарын түнкү убакыттарда көчөгө чыгарбоо зарылдыгын айтып жатышат. Алардын өмүрү кымбат экендиги белгиленип, жаратылышка өздөрүн эс алууга жөнөтпөй, ар дайым көзөмөлгө алууга чакырышууда. Эрте никеге туруунун терс жактары айтылып, топтошуп мушташуулардын алдын алуу зарылдыгы жеткирилүүдө" , - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/chatkalda-j-bllk-zorduk-zombuluktun-aldyn-aluu-boyuncha-tshndr-ishteri-zhrp-zhatat



Добавить комментарий