“Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында, 10 миллион сомдук тиешелүү документи жок жүк кармалды (сүрөт)

15 октябрь 2020 12:26 571 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү жайынын чек арчылары тиешелүү документи жок 3 кг. 648 гр. алтын жасалгаларды табышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмүнүн маалыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 14-октябрда “Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары 10 200 000 сомдон ашуун суммадагы тиешелүү документтери жок жүктү кармашкан. “Чалдыбар-автожол” КӨЖна Казакстанга багыт алган Mersedes Benz Sprinter автоунаасы келген. Транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кезмети айдоочунун кабинасынан - 1993-ж.т. Кыргызстандын жараны И.А.у. таандык баштыкта 3 кг. 648 гр. алтын жасалгаларды табышкан. Ювелирдик жасалгалар – сөйкөлөр, шакектер, билериктер, чынжырлар жана кулондор 10 кутучага салынып, олтургучтун астына катылган сумканын ичинде болгон. Айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Алдын ала баалоо боюнча кармалган товардын жалпы суммасы 10 214 400 сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулган соң мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

 


 

Ссылка: https://barometr.kg/chaldybar-avtozhol-kzml-tkr-zhajynda-10-million-somduk-tieshel-dokumenti-zhok-zhk-karmaldy-srt



Добавить комментарий