Чак Норис Валентина Шевченкону титулун коргошу менен куттуктап открытка жөнөттү
Бөлүшүү:
Америкалык белгилүү актер Чак Норис UFC мушкери Валентина Шевченкону чемпион титулун ийгиликтүү коргошу менен куттуктап, атайын открытка жөнөткөн. Бул тууралуу Шевченко Instagram баракчасына жазды.
Анда мушкер открытка эртең менен почта аркылуу келгенин белгилеп, Чак Нориске жагымдуу сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле ал Чак Норис менен бир күнү жолугууга ниеттене турганын жазды.
Жарыяланган сүрөттө куттуктоону Чак Норис колу менен жазганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 9-февралда Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянда утуп, чемпиондук титулун сактап калган.
Добавить комментарий ×