Чаек-Кочкор унаа жолундагы кырсыктан бирөө каза болуп, экинчиси оор абалда ооруканага жаткырылды
Бөлүшүү:
2018-жылдын 27-сентябры күнү саат 00:15де Чаек-Кочкор унаа жолунун 105-чакырымында (Байзак айылына жакын жер) "Ауди-100" үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркаган жаран райондук ооруканага жаткырылган, ал эми каза болгон жарандын жансыз денеси аталган оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Добавить комментарий ×