Үч өспүрүм алты жаштагы кызды түркүккө байлап өрттөп жиберишти
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өспүрүмдөрдүн шоктугунан кичинекей кыз жабыркады. Тажикстандын президенти бул ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу news.tj кабарлады.
Тажикстандын ички иштер министрлиги берген маалыматка таянсак, окуядан кийин үч күн өткөн соң шектүүлөр кармалды.
Кыздын денесинин 65 пайызы күйгөн. Ал №3 шаардык ооруканага жаткырылды. Дарыгерлер секелектин абалы өтө оор деп баалашууда.
Иштин материалдары прокуратурага жөнөтүлдү.
Окуя 19-июнда Сино районунда болгон. Шаардан беш чакырым аралыкта жайгашкан аймакта өспүрүм балдар кичинекей кызды дубалдын түркүгүнө байлап өрттөп жиберишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/ch-sprm-alty-zhashtagy-kyzdy-trkkk-bajlap-rttp-zhiberishti
Добавить комментарий ×