"Тез арада операция жасатуу керек". Үч баланын энеси Венера Сыдыкова жардамга муктаж

26 апрель 2021 15:32 2282 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мыкты юрист, кесипкөй адис, үч баланын мээримдүү энеси Венера Сыдыкова жалпы кыргыз элинин жардамына муктаж. Бул тууралуу "Барометрге" анын жакындары жардам сурап кайрылды. 

Маалым болгондой, Венера Сыдыкова өпкөнүн онкологиялык залалдуу шишигине дуушар болгон (аденокарционома, өпкө рагынын 4-степени).

Азыркы учурда, мекендешибиз Түркиянын Стамбул шаарындагы “Анадолу” клиникасында дарыланып жатат.

Залалдуу шишик мекендешибиздин жашоосун күндөн-күнгө оорлотуп жаткандыктан, тез арада торакоскопиялык операция үчүн 6 000 доллар жана 20 жолу алынуучу нур менен рак клеткаларын өлтүрүү  (лучевая терапия) үчүн 19 270 доллар керектелет.

Ошону менен катары эле, Венера Сыдыкова дүйнөдөгү кымбат дарылардын катарына кирген TAGRISSO дарысын 10 ай ичиши керек. Бул дарынын бир айлык курсу 10 000 доллар турат. Жалпы эсептегенде TAGRISSO дарысын 10 ай ичиш үчүн 60 000 доллар керек болуп жатат.

Ал эми, бейтап ар бир үч ай сайын дарыгерлердин толук текшерүүсүнөн өтүш үчүн айына 950 доллардан сарпталат. Жалпы, бир жылда төрт жолу дарыгерлердин кароосунан өтүш үчүн 3 800 доллар табуу зарыл.

Мекендешибиз Венера Сыдыковага жалпы эсептегенде 89 070 доллар керектелет.

Үч баланын энеси Венера айымдын өмүрүн сактап калууга кайдыгер карабаган жалпы мекендештерден жардам сурап кайрылабыз.

Жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн:

Элсом: 0700355442

Оптима Банк: 4169585349364462

Байланыш үчүн телефон номер: 0550 95 11 96

Ссылка: https://barometr.kg/ch-balanyn-enesi-mykty-yurist-venera-sydykova-zhardamga-muktazh



Добавить комментарий