Быйылкы жылы ноябрь айына электр энергиясын керектөө 24%га жогорулайт

24 ноябрь 2018 11:55 925 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

«Түндүкэлектро» ААК абоненттерге 2018-жылдын ноябрь айындагы электр энергияга болгон эсеп-кысап былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу кыйла жогору болорун кабарлайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектронун" сайтына жазып чыкты. Быйылкы жылдын ноябрь айынын суугу электр энергиянын керектелишинин 24% жогорулашына алып келди.

Эгерде 2017-жылдын ноябрь айына «Түндүкэлектро» ААК боюнча  573 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түшсө, алдын ала жүргүзүлгөн эсептер боюнча 2018-жылдын ноябрь айына 710 млн. кВт. саатка чукул электр энергияны келиши күтүлүүдө.

«Түндүкэлектро» ААК дебитордук карыз үчүн өчүрүлүү ыңгайсыздыктарына кабылбаш үчүн абоненттерди эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/byjylky-zhyly-noyabr-ajyna-elektr-energiyasyn-kerekt-24ga-zhogorulajt



Добавить комментарий