Быйылкы айт намазынын программасы жарыяланды
Бөлүшүү:
Орозо Айт намазы 5-июнь күнү эски аянтта окулуп, таңкы саат 06:00дө башталмакчы. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.
Айт намаздын программасы төмөнкүчө:
06:00-07:00 — Дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:20 — Азирети Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:20-07:30 — Өкмөттүн куттуктоосу;
07:30 — Айт намаз.
Ссылка: https://barometr.kg/byjylky-ajt-namazynyn-programmasy-zharyyalandy
Добавить комментарий ×