Быйыл садака-фитирдин өлчөмү канча болот?
Рамазан айы жакындап калды. Битир берүү ар бир мусулмандын парзы. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз алейхис салам “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” — деп бекиткенин азирети Умар айткан.
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө боюнча 2021-жылга карата садака-фитирдин баасын бекитти.
Муфтият эскертет: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.
Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-sadaka-fitirdin-lchm-kancha-bolot
Добавить комментарий ×