Быйыл Орусия президенти Путиндин салтка айланган маалымат жыйыны болбойт

13 декабрь 2022 15:35 810 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл чоң маалымат жыйынын өткөрбөйт. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Владимир Путин үчүнчү мөөнөткө шайлангандан кийин анын журналисттер менен баарлашуусунун мындай форматы 10 жыл катары менен жыл сайын декабрда өткөрүлүп келген.  

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Владимир Путин быйыл чоң пресс-конференция өткөрбөйт, бирок ал «чет элдик сапарларында» журналисттердин суроолоруна жооп берүүсү күтүлүүдө.  

 Владимир Путиндин биринчи чоң пресс-конференциясы 2001-жылы болгон, ал эми 2012-жылы кайрадан өлкө башчы болуп келгенден кийин, маалымат жыйын жыл сайын декабрда өткөрүлүп келген.    

Өткөн жылы маалымат жыйын 23-декабрда өткөн. 2020-жылдын пандемияга байланыштуу иш-чара 17-декабрда гибрид форматында өткөн: Президент журналисттер менен видеобайланыш аркылуу байланышып , жөнөкөй жарандар да суроолорду бере алышкан.      

Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-orusiya-prezidenti-putindin-saltka-ajlangan-maalymat-zhyjyny-bolbojt



Добавить комментарий