Быйыл 9-августа Белоруссияда президенттик шайлоо өтөт. Ага Лукашенко дагы катышат
Бөлүшүү:
Белоруссияда кийинки президенттик шайлоо 9-августка белгиленди. Мындай чечим өлкөнүн улуттук кеңешинин өкүлдөрүнүн палатасынын жыйынында кабыл алынган.
Белорус бийлиги шайлоону ачык, так жана адилет өткөрүү үчүн бардык аракеттерин жумшай турганын айтты.
Учурдагы президент Александр Лукашенко алтынчы ирет президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Ал Белорусияны 1994-жылдан бери башкарып келет.
Добавить комментарий ×