Ажылыкка 10 миң зыяратчы барды. Меккенин учурдагы көрүнүшү (Сүрөт)
29-июлда Меккеде мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл 10 миң киши гана зыярат амалдарын аткара алат. Бул тууралуу РБК басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.
29-июлда Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл коронавируска байланыштуу чет элдик зыяратчыларга катышууга уруксат берилген жок.
Мындай чектөөлөр Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди.
Адатта 180дей мамлекеттен 2 миллиондой адам 5 күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн келчү.
Буга чейин Меккеге 2 миллиондон ашуун зыяратчы келсе. Быйыл 10 миң киши гана зыярат кыла алат, алардын 3 миңи - өзүнүн жарандары болсо, алган 7 миңи - өлкөдөгү чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер. Алардын баары ажылыкка чейин коронавируска тест тапшырып жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун билдиришти.
Зыяратка башка аймактардан келгендердин дене табы текшерилип, жүктөрү толук дезинфекцияланууда.
“Бийлик бардык гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөп жатат”, - деп билдирди ажылыкты уюштуруу боюнча министрликтин өкүлү Амр Аль-Мадда.
Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же Умрага келишине чектөө койгон.
Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясында 270 миңдей адам коронавирус жугузуп алган. Илдет бул өлкөдө 2 700дөн көп адамдын өмүрүн алды.
Ссылка: https://barometr.kg/byjyl-10-mi-zyyaratchy-bardymekkenin-uchurdagy-krnsh-srt
Добавить комментарий ×