БУУ: Жыл сайын 7 миллион адам абанын булганышынан көз жумат

7 сентябрь 2020 12:03 775 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 7 миллион адам абанын булганышынын кесепетинен көз жумат. Бул тууралуу БУУнун Маалымат борбору 7-сентябрь Эл аралык таза аба күнүнө карата берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Пандемия учурунда адамдар транспортту аз колдоно башташты, бул абаны булгоочу заттардын концентрациясынын кескин төмөндөшүнө алып келди. Бирок, БУУнун эксперттери белгилегендей, абанын сапаты башка булгоочу заттардан дагы көз каранды.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 7 миллион адам абанын булганышынын кесепетинен көз жумат. Абанын булганышынын таасиринен көпчүлүгү рак, дем алуу же жүрөк ооруларына чалдыгышат. Ал эми балдарда астма, өнөкөт өпкө жетишпестиги, бойдун өспөй калышы, балдардын семириши жана акыл-эсинин артта калуусуна терс таасирин тийгизүүдө.

COVID-19 пандемиясы учурунда адамдар учактарда аз учуп, коомдук транспортто жүрө башташкан, илимпоздор дүйнөнүн көптөгөн шаарларында абаны булгоочу заттардын, айрыкча азот кычкылдарынын деңгээлинин кескин төмөндөшүн аныкташкан. Бул негизинен чоң шаарларда жол кыймылынын кыскаргандыгынын натыйжасы болду.

Бирок, адистер белгилегендей, абанын сапатына көптөгөн башка транспорттук эмес булгоочу заттар таасир этет. Мисалы, турак жайды жана башка имараттарды жылытууда же талааларды уруктандырууда абага кирген майда бөлүкчөлөрдөн абанын булгануу деңгээли төмөндөгөн жок.

Экперттер абанын булганышы адамдын ден-соолугуна гана эмес, экономикага да зыян келтирерин эскеришти. Айлана-чөйрөнүн булганышынан келип чыккан экономикалык зыян Европа аймагынын 10 өлкөсүндө улуттук ИДПнын кеминде 20% түзөт.

Эл аралык таза аба күнү БУУнун Европа Экономикалык Комиссиясына алыскы аралыктан келген катышуучуларга бул маселеге олутту эл аралык деңгээлде каралышы керектиги айтылды.

40 жыл өткөндөн кийин, бул Конвенция дүйнөдөгү ушул сыяктуу бирден-бир регионалдык инструмент бойдон калууда. Бул эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө өзгөчө ролду ойнойт, айрыкча абаны булгоочу заттар улуттук чек аралардан өтүп, миңдеген чакырымдарды басып өтүшү мүмкүн. Конвенциянын алкагындагы жамааттык аракеттер буга чейин өз натыйжаларын берген: мисалы, 1990-жылдан бери Европада зыяндуу заттардын, анын ичинде бөлүкчөлөрдүн жана күкүрттүн бөлүнүп чыгышы 30-80 пайызга чейин азайган. Бирок, алдыда дагы көптөгөн кыйынчылыктар бар.

БУУнун жакында жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, Европанын экономикалык комиссиясынын мүчөсү болгон он мамлекетте гана Ирландия, Исландия, Испания, Эстония, Канада, Норвегия, Португалия, АКШ, Швеция жана Финляндияда абанын булгануу деңгээли жол берилген минималдуу деңгээлден ашпайт.

Ссылка: https://barometr.kg/buu-zhyl-sajyn-7-million-adam-abanyn-bulganyshynan-kz-zhumat



Добавить комментарий