Бурят, якут жана дагестандык. Кимдер эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болду?

11 январь 2020 12:27 3780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аталган чемпионат Азия оюндарына, эл аралык турнирлерге катышуучуларды тандоо дагы экенин эске салгыбыз керек. Ал жакта Токиодо өтө турчу олимпиада оюндарына жолдомо берилет.

Кыргызстандын чемпионатына 200дөн ашык күрөшчү катышып, ондогон салмак категория боюнча мыктылар аныкталды.

Эки күндүн жыйынтыгы менен 125 килограмм салмакка чейинки категорияда биринчиликти Якутиядан келген легионер Айаал Лазарев алды. Ал Азия чемпиону, Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу. Лазарев Риодогу оюндардан кийин мелдештерге катышпай келген, эми минтип өлкө чемпионатынын финалдык кармашында Айбек Касманбетовду оңой эле утуп алды.

86 килограмм салмакка чейинки категорияда Дагестандан келген легионер Алигаджи Гамидгаджиев жеңүүчү болду. Ал буга чейин Азия чемпионатында Кыргызстандын курамасында күмүш мадель уткан.

Ал эми 79 килограмм салмакка чейинки спортчулар арасындагы мелдеште Якутиядан келген легионер Арсалан Будажапов чемпион болду. Финалдык кармашта ал дүйнө чемпионатынын катышуучусу Ойбек Насировдун далысын жерге тийгизе басты.

Жеңил салмак боюнча беттештерде 57 килограммга чейинки категорияда Бекболот Мырзаназар уулу финалда Тайырбек Жумашбек уулун жеңип, чемпион аталды.

61 килограмм салмакка чейинки категорияда алтын медалды Икромжон Хаджимуродов тагынды.

Нургазы Абдуразаков 65 килограммга чейинки категорияда биринчи болду.

Ошондой эле, Исламбек Орозбеков (70 кг. чейин), Бекжан Жамбулов (74 кг.чейин), Дөөлөтбек Жамгырбек уулу (92 кг. чейин) жана Андрей Аронов (97 кг. чейин) чемпион болушту.

Ссылка: https://barometr.kg/buryat-yakut-zhana-dagestandyk-kimder-erkin-krsh-boyuncha-kyrgyzstandyn-chempionu-boldu



Добавить комментарий