Бурулайдын өлүмү тууралуу айыпталуучу бычак сайган эмесмин, башкасы эсимде жок деди

28 ноябрь 2018 17:57 3413 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Айыпталуучу Марс Бөдөшөв Бурулайдын өлүмү тууралуу "Мен бычак сайган эмесмин, эч нерсе эсимде жок"-деген көрсөтмө берди. Бул тууралуу ал Свердлов райондук сотунда бүгүн, 28-ноябрда милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум болуп жатканда айтты.

"Бизди Жайыл РИИБине алып барып, алгач бир бөлмөгө киргизишти. Андан соң досум экөөбүздү чыгарып салып, Бурулайды алып калышты. Мен коридордон нөөмөт бөлүмүнүн кызматкеринен Бурулай менен сүйлөшүп алууну сурандым. Бирок алар уруксат берген жок. Бир кезде Бурулай отурган бөлмө ачык экенин көрүп кирип кеттим. Бурулайга азыр атаң келсе, сүйлөшүп жүргөнүбүздү айт десем, "айта албайм" деп койду. Бир убакта коридордон бир адам сөгүнүп басып кетти. Андан башка эч нерсе эсимде жок. Бир кезде ойгонсом эле ооруканада жатыптырмын"-деди айыпталуучу. 

Ошондой эле, ала качып барган унаага да бычак салбагандыгын айтты. 

Эске салсак, 2018-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын туугандары билдиришкен. 



Ссылка: https://barometr.kg/burulajdyn-lm-tuuraluu-ajyptaluuchu-bychak-sajgan-emesmin-bashkasy-esimde-zhok-dedi



Добавить комментарий