Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү - 29-октябрь

27 октябрь 2020 14:56 1402 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2006-жылы Бүткүл дүйнөлүк инсульт менен күрөшүү уюму (World Stroke Organization, WSO) аталган илдет жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу максатында 29-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк инсульт күнү деп жарыялаган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Инсульт бул- мээдеги кан айлануунун кескин түрдө бузулушу. Жүрөк кан тамыр ооруларынан улам келип чыгат. Инсульт мээдеги тамырлардын бири жарылгандан же кан тамырдын бир жеринде кан уюп, тамыр бүтөлүп калгандан улам пайда болот. Мындайда мээ ткандарынын жана мээнин иштеши начарлайт. Инсульт геморрагиялык (мээге кан куюлуу) жана ишемиялык (мээнин инфаркты) болуп бөлүнөт.

Дүйнөдө жыл сайын инсульттан 6 миллиондон ашуун адам каза болот. Инсульттан каза тапкандар адам өлүмү боюнча 3-орунда турат. Эксперттер жүрөк кан тамыр ооруларынын келип чыгышына тура эмес тамактануу, аз кыймылдуулук, ичкилик ичүү жана тамеки чегүү себеп болорун айтышат.

Ссылка: https://barometr.kg/btkl-djnlk-insultka-karshy-krsh-kn-29-oktyabr



Добавить комментарий