БШКнын төрайымы Шайлдабекова Баткен облусунун шайлоого болгон даярдыгы менен жеринен таанышты

8 сентябрь 2020 12:40 893 Barometr
Бөлүшүү:
ok

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана КРнын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Баткен облусунун шайлоого болгон даярдыгы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, штабдын башчылары шайлоо участкаларында болушуп, Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында, Баткен облусунун бир катар айыл өкмөттөрүндө участкалык шайлоо комиссияларынын материалдык-техникалык жабдылышын текшеришти.

Учурда Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы иштеп, анда жалпы саны 2 895 18 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын контролдук тизмеси шайлоо участкаларында илинген.

Баткен районунун шаарларында жана айыл өкмөттөрүндө биометрикалык каттоодон өтүүчү 26 пункт бар. Шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо жана биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалыматтык плакаттар жана баннерлер илинген.

КРнын БШКсы менен  участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, шайлоо участкаларына планшеттер жана телекөрсөтүү мониторлору таратылды. Жабдуулар Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан берилген.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарынын карталары түзүлүп, анын негизинде алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүлөт. Комиссиянын мүчөсүн чакыруу баскычтары иштейт. Алар майыптарга, кичинекей балдары бар ата-энелерге жана улгайган адамдарга арналган.

Шайлоо комиссияларынын ден соолугунун коопсуздугу үчүн 4400 медициналык бет кап, кол кап жана 440 литр дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) таратылды. Шайлоо күнү УШК мүчөлөрү үчүн респираторлор, бардык шайлоочулар үчүн бет каптар жана кол каптар акысыз берилет.

“Шайлоочулардын добушун сатып алуу – кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу иш-аракет болуп саналат, ал үчүн талапкердин өзү гана эмес, анын жакын туугандары, талапкердин өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдар,  ошондой эле добуш сатып алууда катышкан ар бир жаран жоопкерчиликке тартылат. Талапкерлердин жана партиялардын добушун сатып алуу 220 000 сомдон 260 000 сомго чейин айып пул салынат же 2 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат. Шайлоо комиссияларынын жана укук коргоо органдарынын катышуусунда түзүлгөн Ыкчам жооп кайтаруучу координациялык топтор добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүшү керек, ошондой эле көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө коомчулукка маалымат берип турушу керек”, -деди БШКнын төрайымы.

Өз кезегинде, Мадумаров жергиликтүү бийликке УШКларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону, шайлоодо технологиялык жабдууларды коргоону, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле, мамлекеттик органдарга региондогу эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө кармоо жана объектилердеги санитардык нормаларды жана талаптарды, жарандардын ден соолугун коргоо чараларын камсыз кылууга чоң көңүл бурууну тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/bshknyn-trajymy-shajldabekova-batken-oblusunun-shajloogo-bolgon-dayardygy-menen-zherinen-taanyshty



Добавить комментарий