БШКнын сайты 10 өлкөдөн 130 кибер чабуулга кабылды
КРнын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын расмий веб-сайты бүгүн, 11-июлда жергиликтүү кеңештерге кайталап шайлоо өткөрүү маалында 10 өлкөдөн 130 кибер чабуулга кабылды. Бул тууралуу брифингде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдаганын “Барометр” билдирет.
Анын айтымында, шайлоо маалында программалык-техникалык системалар үзгүлтүксүз иштеди.
“Баардык участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдуулар, автоматташтырылган башкаруу системалары жакшы иштеди. Болгону бир участокто маселе чыкты. Биздин сайт 10 өлкөдөн 130 кибер чабуулга кабылды.Коопсуздук системасы аларды жойду”,-деп айтты Нуржан Шайлдабекова.
Бүгүнкү шайлоодо Бишкек шаарында алты, Ош шаарында төрт, Токмок шаарында беш партия алдыга чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/bshknyn-sajty-10-lkdn-130-kiber-chabuulga-kabyldy
Добавить комментарий ×