БШКга 194 талапкер шайлоого катышууга билдирме берди
Бөлүшүү:
Парламенттик шайлоого өзүн көрсөткөн талапкерлердин саны көбөйүп жатат. 194 талапкер билдирме берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Билдирме бергендердин арасында азыр иштеп жатышкан депутаттар Аалы Карашев (№12 Өзгөн шайлоо округу) жана Өмүрбек Бакиров (№ 4 Көк-Жар шайлоо округу) бар.
БШК баардык талапкерлер жана саясий бирикмелер документтерин 18-ноябрь, саат 18.00гө чейин толук тапшыруулары керек экенин эскертти.
Шайлоо 28-ноябрга белгиленген, анда 54 депутат пропорционалдык система, 36 депутат мажоритардык система менен шайланмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/bshkga-194-talapker-shajloogo-katyshuuga-bildirme-berdi
Добавить комментарий ×