БШК: "Төш белгилер жакында берилет"

15 ноябрь 2018 14:45 1191 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белгилер эми берилет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, октябрь айында тендер өткөрүлүп, аткаруучу тарап менен келишимдер түзүлгөн. Алар төш белгилердин үлгүсүн алып келише элек. Комиссия макулдук бергенден кийин отуз күндүн ичинде төш белгилер даяр болот.

Бүгүн эки жылдан бери жергиликтүү кенештин депутаттарына берилбей жаткан төш белгилер тууралуу депутат Кенжебек Бокоев сөз козгоп, мыйзамды аткарбаган чиновниктер жоопкерчиликке тартылыш керектигин бүгүнкү 15-ноябрдагы парламенттеги жыйында айткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-tsh-belgiler-zhergilikt-deputattarga-kachan-berilerin-ajtty



Добавить комментарий