БШК мүчөсү: өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганда шайлоо өткөрүүгө болбойт

17 март 2020 11:07 569 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева коронавирус коркунучунан улам учурда жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоону кийинкиге жылдыруу маселеси карала электигин билдирди.

Ал азырынча мындай демилге жок экенин кошумчалады. Кыргызстанда 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот. Анын ичинде беш шаарда дагы өтөт.

Журабаева шайлоону башка убакытка жылдыруу маселеси тезинен талкууланышы керектигин айтат. Себеби абалга жараша ар кандай кырдаал жаралып калышы ыктымал.

Ал андан сырткары шайлоонун күнү башка убакытка жылдыруу керектигин, эгер ага азырынча мүмкүн эмес болсо үгүт иштери учурунда эл менен болгон жолугушууларды кылбай туруу керектигин айтат.

Эскерте кетсек, өкмөт коронавирусту алдын алуу жана анын жайылышын өлкө аймагында болтурбоо үчүн кечиктирилгис чараларды көрүп жатат. Анын алкагында окуучулар менен студенттер үч айга таратылып, билим берүү мекемелеринде карантин жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-mchs-lkd-zgch-kyrdaal-zharyyalanganda-shajloo-tkrg-bolbojt



Добавить комментарий