БШК: Чубак ажы Жалилов шайлоого катыша албайт. Биз светтик мамлекетпиз

24 февраль 2020 17:32 2722 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эгер Чубак ажы Жалилов шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылса, ал өтүнүчү канааттандырылбайт. Бул тууралуу БШКдан “Барометр” маалымат агенттигине билдиришти.

Эске салсак, буга чейин дин аалымы Чубак ажы Жалилов ал парламенттик шайлоого катышып калышы ыктымалдыгын, анын да убакыт-сааты келерин радиолордун биринин түз эфиринде билдирген болчу. 

«Чубак ажы Жалилов шайлоолорго катыша албайт, себеби ал диний ишмер болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Эгер Чубак ажы Жалилов арыз менен кайрылса дагы Конституцияга ылайык, анын каалоосу аткарылбайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын 7-беренесине таянууда. Ал жакта мындай деп жазылган:

1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

3. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

Эске салсак, Кыргызстанда быйыл 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/bshk-chubak-azhy-zhalilov-shajloogo-katysha-albajt-biz-svettik-mamleketpiz



Добавить комментарий