БШК “Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты
Бөлүшүү:
Бүгүн, 3-сентябрда Шайлоону өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартты.
Чечимди БШК мүчөлөрү отурумда ачык добуш берүү менен кабыл алышты.
Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясынын сегиз мүчөсү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетүү үчүн добуш берди.
Эки мүчө каршы добуш берди.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясын шайлоодон чыгаруу чечими талапкерлердин тизмеси бурмалангандыгына байланыштуу кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/bshk-btn-kyrgyzstan-partiyasynyn-talapkerlerinin-tizmesin-kattoodon-bash-tartty
Добавить комментарий ×