Бритни Спирс психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына жаткырылды

4 апрель 2019 10:06 1434 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Американын белгилүү ырчыларынын бири Бритни Спирс жан дүйнөсү жабыркаган оорулуулар бара турган ооруканага кайрылды. Бул тууралуу TMZ порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, Спирстин аталган ооруканага жатканына бир жумадай болуп калды, ырчы ал жакта 30 күн дарыланаары күтүлүүдө. 

Спирстин мындай оорууга чалдыгышына атасынын 2 жолу операция болгону себеп болгону айтылууда. Ал ооруканага барган учурда абдан жинденген абалда болгон.

Ырчынын психикалык жактан жабыркаганы 2007-жылы да катталган. Бритни ал учурда жолдошу менен ажырашып алкаголдук ичимдиктерди жана наркотиктерди колдонууга өтүп кеткен. Учурда 2 баласы бар.

Бритни Спирс жаштар арасында эң популярдуу ырчылардын катарын толуктайт. Анын экинчи альбому чыккандан кийин эле АКШнын алдыңкы айымдарынын катарынан орун алган. Ага кошумча шоу-бизнес чөйрөсүнүн эң бай айымдарынын арасында 12-орунду ээлеген.

Ссылка: https://barometr.kg/britni-spirs-psihikalyk-zhaktan-zhabyrkagandardyn-ooruukanasyna-zhatkyryldy



Добавить комментарий