Британиялык комик сахнада инсульт тууралуу тамаша ойногондон кийин көз жумду

15 апрель 2019 09:05 1228 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Британиялык комик-куудул сахнада өзүнүн инсульт алгандыгы тууралуу тамаша аткаргандан кийин көз жумду. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, британиялык куудул Ян Когнито Британиянын Бистер шаарында эл алдында сүйлөп жатып каза болгон. Ал окуядан бир нече убакыт мурда:

"Менин инсульт алганымды элестеткиле. А кайра турганда валлиялыктардын тилинде сүйлөп калам", -деп элди тамашага салган.

Бир аз убакыттан кийин ал өзүн жаман сезе баштаган. Көрүүчүлөр бул тамашанын уландысы деп кабыл алышкан, ал эми концерттик аянттын жумушчулары тез жардам чакырышкан. Бирок Ян Когнито бул дүйнө менен кош айтышкан.

Дарыгерлер аны жүрөк пристубунан улам каза болду деген тыянакка келишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/britaniyalyk-komik-sahnada-insult-tuuraluu-tamasha-ojnogondon-kijin-kz-zhumdu



Добавить комментарий