Бозого тыюу салуу боюнча муфтияттын фатвасы чыккан эмес

3 февраль 2020 20:42 4003 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө аймагында бозо ичүүгө тыюу салуу боюнча фатва чыгарган эмес. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы "Барометр" сайтына билдирди.

Эске салсак, социалдык тармактар менен мессенджерлерде "муфтият Кыргызстанда бозо ичүүгө тыюу салды" деген маанайдагы маалыматтар тарап жатат.

"Муфтият Кыргызстанда бозо ичүүгө тыюу салуу боюнча эч андай буйрук, фатва чыгарган эмес", - деп КМДБнын маалымат кызматы билдирди.

Бирок ошол эле учурда бозону ичүүгө шарият уруксат бербей турганын, себеби ал кишини мас кыла турганын маалымат кызматы кошумчалады.

Муфтият ЖМК өкүлдөрүнөн шарияттык маселелерди тактап, мусулмандар дин башкармалыгынын пикирин билип андан кийин таратууну өтүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/bozogo-tyyuu-saluu-boyuncha-muftiyattyn-fatvasy-chykkan-emes



Добавить комментарий