Бою 135 см болгон Ардак теңин таап 130 см болгон кызга үйлөндү

4 февраль 2019 10:30 3021 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Казакстандык бою 135 см болгон Ардак Бекишев 4 жогорку билими бар Гаухар аттуу кызга үйлөндү. Бул тууралуу NUR.KZ жазып чыкты.

Ардак өзү 42 жашта ал эми Гаухар 40 жашта. Ал колуктусун өздөрү сыяктуу адамдар үчүн ачылган интернеттеги баракчадан бир көрүп сүйүп калгандыгын айтат.

Гаухардын Төлөгөнованын бою 130 см, ал бир канча университеттерде окуп 4 дипломдун ээси болгон.

Эки жаш дүңгүрөгөн үлпөн тоюн күз айларына пландап жаткандарын да кабарлашты.

Ал эми алардын жакындагы экөө да өз теңин тапкандарына кубанышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/boyu-135-sm-bolgon-ardak-te-taap-4-diplomduu-boyu-130-sm-bolgon-kyzga-jlnd



Добавить комментарий